Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Тбилиси менен Москва түз сүйлөшөт


Келерки айда Орусия менен Грузиянын өкүлдөрү эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусун өткөрүүнү талкуулашат. Грузиянын өкмөт башчысынын Орусия менен алакалары боюнча атайын өкүлү Зураб Абашадзе Тбилисиде кабарчыларга бүгүн маалымдагандай, ал Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин менен Прагада 5-мартта жолугуп, ушул маселени талкуулайт. 2008-жылы согуштан кийин Грузиядан бөлүнүп кеткен Абхазия менен Түштүк Осетияны Орусия тааныгандан кийин, Грузия Москва менен дипломатиялык алакасын токтоткон. Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Грузиянын президенти Гиорги Маргвелашвили кааласа, аны менен жолугушуудан баш тартпай тургандыгын билдирген. Ошондон кийин Маргвелашвили буга каршы эмес экендигин тастыктаган.

XS
SM
MD
LG