Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Нарында соодагерлер митингге чыкты


Бүгүн Нарын шаарынын борбордук базарында иштеген элүүдөй сатуучу облустук администрациянын жанына чогулуп, базарды иретке келтирүү талабын коюшту. Алар жол боюндагы соода күркөлөрүн алып салууну суранып жатышат.

Нарындагы базарды иретке келтирүү иштери бир жума мурун башталган. Бирок базардын сыртында соода кылгандар мэриянын бул аракетине каршылык билдирип келүүдө. Алар “жол боюндагы соода күркөлөрү алынбасын”,- деген талап менен 12-февралда нааразылыкка да чыгышкан.

Бүгүнкү митингчилер болсо, базардын сыртындагы соода жайларын алып салуу зарылдыгын айтып жатышат.

Нарын базарында беш жеке менчик соода түйүнү бар. Базар жайгашкан көчөдө 100гө чамалуу соодагер эмгектенет. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG