Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Ошту оңдоодогу эсеби чыкпаган миллиарддар


Мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн бири. Ош шаары, 28-июль, 2012.
Мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн бири. Ош шаары, 28-июль, 2012.

Жогорку Кеңеш жоюлуп кеткен Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин кайра текшерүүнү Эсеп палатасына тапшырды.

Парламент ошондой эле Башкы прокуратураны дирекциянын жооптуу жетекчилеринин ишине укуктук баа берүүгө милдеттендирди.

Депутаттык комиссия “ири каржылык мыйзам бузуу орун алган, үйлөр сапатсыз курулган, миллиондогон каражаттын эсеби жок, акчага көзөмөл болгон эмес, коррупцияга атайлап жол ачылган” деп дирекциянын биринчи төрагасы, азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди айыптап жатат. Өкмөт башчы болсо дооматты четке кагып, депутаттарды маселени саясатташтырып жатат деп күнөөлөп келет.

Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин азыркы чкакырылышында депутаттык комиссиянын корутундусу комиссия мүчөлөрү тарабынан биринчи жолу бир добуштан колдоого алынды.

Парламентте Эсеп палатасы мамдирекцияны кайра текшерип бүткүчө Жантөрө Сатыбалдиев убактылуу кызматтан четтеп турсун деген сунуш колдоо тапкан жок. Өкмөт башчы да иштен четтеп туруудан баш тартты.

Ири суммадагы акчалардын эсеби жок

ЖКда жана коомчулукта Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясына берилген акчалардын эсеби чоң талкуу-талаш, суроо жаратты. Дирекция түзүлгөндө келген-кеткен каражат үчүн атайын фонд ачылган болчу. Каражаттын ачык-айкын, сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын көзөмөлдөө максатында Байкоочу кеңеш түзүлгөн. Ага кыргыз өкмөт өкүлдөрүнөн сырткары бейөкмөт жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү да кирген.

Мамдирекция курган үйлөр, Ош, 28-июль, 2012.
Мамдирекция курган үйлөр, Ош, 28-июль, 2012.
Депутаттык комиссиянын эсеби боюнча, июнь коогасынан кийин үч жылдын ичинде дирекцияга мамлекеттин казынасынан бөлүнгөн каражаттын жана грант, гуманитардык жардам түрүндө келген акчанын жалпы суммасы 11,5 миллиардга жакын сомду түзгөн.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев бул каражаттын теңинен көбүнүн эсеп-кысабы чыкпай жатканын айтууда:

- 11,5 миллиард сом түшкөн болсо, ошонун 4,6 миллиардынын эле документи бар экен. Калганынын документи жок. Бул деген миң сом, же миллион сом эмес да. Миллиарддаган сомдун эсеби чыкпай жатса ким жооп берет? Ошол кезде Ошто бийлик жок болчу деп шылтоо кылып жатышат. Убактылуу өкмөт дирекциянын башчысына вице-премьердикиндей макам берип, каражатты көзөмөлдөсүн, баары мыйзамдуу болсун деген токтом кабыл алган да. Анан бүгүн баары жакшы деп элди бир алдаса болот, эки алдаса болот. Бирок дагы канчага чейин алдоо керек?

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган мурунку мамдирекция өкүлдөрү депутаттык комиссиянын корутундусунда жазылгандан аз сумманы көрсөтүп жатат. Ага ылайык, кыргыз өкмөтү бөлгөн каражат, ошондой эле грант жана гумжардам ирээтинде келген акча 9,3 миллиард сомду түзөт. Анын 7,7 миллиарддан ашыгы колдонулган.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын мурунку төрагасы Жусупжан Жээнбековдун билдиришинче, донорлордун талабы менен четтен келген каражат дирекциянын атайын фонду аркылуу эмес, коммерциялык банктар аркылуу пайдаланылган:

- Бир топ дооматтар суу кечпейт. Биз болгону 4,6 миллиард сомду иштеткенбиз. Калган акчалардын баары донорлордун акчалары. Чет өлкөлүк донорлор, эл аралык уюмдар өздөрү берген акчаны өздөрү короткон.

Антсе да депутаттык комиссия мамдирекция Атайын фонддогу акча топтоо тууралуу өкмөт токтомун аткарган эмес, муну менен коррупцияга атайлап жол берилген деген корутунду чыгарды.

Комиссиянын төрагасы, депутат Нарынбек Молдобаев дирекция каражатты көзөмөлдөө укугун пайдаланбаганын сынга алды:

Оштогу жаңы курулган үйлөрдүн бири.
Оштогу жаңы курулган үйлөрдүн бири.
- Донор өлкөлөр өзү акча берген, өзү бүтүргөн, биздин анда эмне ишибиз бар деп атат. Убактылуу өкмөт токтом кабыл алып жатканда дирекциянын башчысына вице-премьерлик укук берген. Мыйзамды одоно түрдө бузган деген баа берсе болот. Атайын фонд тууралуу да Убактылуу өкмөт токтом чыгарган. Бул дагы аткарылбай калган. Байкоочу кеңеш боюнча да ушундай. Мунун ар бири кылмышка жатат. Жоопкерчиликтен качып жатышат, муну курулай актануу деп койсо болот.

Депутаттык комиссия Эсеп палатасы мамдирекцияны формалдуу түрдө гана текшерген деп айыптады. Андан сырткары каражаттын ачык-айкын, сарамжалдуу пайдаланылышын көзөмөлдөйт деген Байкоочу кеңештин иш-аракети талданган эмес. Эл аралык, бейөкмөт жана мамлекеттик органдардын каражатты көзөмөлдөө боюнча иштери тууралуу такыр маалымат жок.

Бирок Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору Шамырза Абдыбаитов депутаттык комиссиянын бүтүмүнө макул эмес:

- Эсеп палатасы 1, 296 миллион сомдук кемчилик тапкан. Анын баарын ордуна коюуга жетишкенбиз. Бүгүнкү күндө мамлекеттик дирекциянын эсебинде калдык акча жок. 2013-жылдан тарта дирекция жабылганда бухгалтериясы кимден аласа-бересеси бар экенин тактап, эсептешип бүткөн. Кайра текшерүү жүргүзүү бир жагынан кыйын болот. Анткени документтердин баарын арзивге өткөрүп салышты. Негизинен үч жолу текшерүү болгон. Биринчи ирээт Жантөрө Сатыбалдиев иштеп турган кезде текшерилген. Жалпысынан өз баасынан ашыруу боюнча 41 миллион сом чыккан. Ал каражат ордуна коюлган. Калган сумма болсо кийинки текшерүүлөрдө аныкталган.

Ача маалымат арбын

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мамлекеттик дирекциянын ишине байланыштуу сегиз кылмыш иш козголгон. Баш прокурордун орун басары Улан Калдаров кылмыш иштин теңи сотко өткөнүн, үч кылмыш иш кыскартылган, ал эми бирөө тергелип жатканын маалымдады:

- Мамдирекцияда иштеген эксперт Мамытов ссудаларды туура эмес берип, бул боюнча төрт кылмыш иш козголгон. Анын үчөө ссудага байланыштуу, ал эми бирөө ошол ссудаларды берүүдөгү мыйзам бузууну жабуу үчүн пара бергени боюнча. Жалпы чыгым 450 миң сомду түзгөн. Кылмыш иштер тергелип бүтүп, айыпталуучу төрт жылга эркинен ажыратылып, бир жыл шарттуу кесилди.

Жаңы үйдүн алдындагы чөгүп кеткен жер. Ош, 3-декабрь, 2011.
Жаңы үйдүн алдындагы чөгүп кеткен жер. Ош, 3-декабрь, 2011.
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын ишин текшерген депутаттык комиссиянын мүчөсү Туратбек Мадылбеков түзүлгөн коррупциялык схемалардын бети ачылган эмес деп каржылык мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдарынын ишиндеги кемчиликти белгиледи:

- Мамдирекция 2010-2011-жылдар укук коргоо органдарынын көзөмөлүнөн чыгып кеткен. Анткени ошол кезде мыйзамсыз жол менен ссуда алып, жасалма ар кандай документтер менен мамлекеттин акчасын ар кимге бере берген. Мындай фактылар аябай көп. Бул боюнча козголгон кылмыш иштерди карай турган болсок, ал жерде коррупция боюнча бир канча топ, схема турат. Бардык нерсе сүйлөшүп алып жасалгандай. Жасалма документ даярдаган көз боёмочу, мамдирекциянын бөлүм башчысы, эксперти болуп баары киришкен.

Мамлекеттик дирекция жалпысынан 173 объект курган. Азыр кээ бир үйлөрдүн кум-шыбагы куюлуп, эшик-каалгасы жакшы жабылбаганы, начар, сапатсыз курулганы тууралуу даттануу көп.

Курулган үйлөрдүн биринде жашагандар “Азаттыкка” буларды айтып беришкен эле:

Оштогу жаңы үйлөрдүн биринин ичи, 2-февраль, 2013
Оштогу жаңы үйлөрдүн биринин ичи, 2-февраль, 2013

- Мына бул ашкананын тушу. Канализацияны казган. Бош эле топурак төгүп койгон. Аны тапташ керек эле. Ушундан улам топурагы чөгүп кетти. Эми бул жерге кайра топурак куйдуруш керек. Чатырдан дагы суу акса, бул жер дагы чөгөт. Дирекциянын айтканы боюнча бир жыл карап, кемчиликтерин жоюп бериши керек экен.

- Ванналарыбыз тегиз эмес. Айрыкча дааратканаларыбыз тегиз эмес. Сыртынын баары көчүп атат. Үйдүн ичиндеги трубалар жарылып, суу чыгып, кышында абдан кыйналдык. Баарын өзүбүздүн эсептен оңдодук. Үч жылдын ичинде ушундай абалга келип калышы мүмкүн эмес да. Кеминде 10 жылга кепилдик болушу керек.

- Үйүбүз суук, жылуулук жок, ванна менен эле унитаз бар экен. Газ деле кече жакында келди. Сапатсыз үйлөрдү куруп, акчаларды башкага жумшаган да. Буга жооп бериши керек. Бул үйдү ким салганы деле белгисиз. Жантөрөнүн жамааты курган. Алар качып жүрөт.

- Башкаларга караганда биздин үй өтө эле начар курулган. Эптеп-септеп шыбаган жерин кайра шыбап, койгон жерин коюп жатабыз. Негизи талапка ылайык эмес болуп калды.


Оштогу жаңы үйлөрдүн биринин алдындагы балдар аянтчасы, 3-декабрь, 2011
Оштогу жаңы үйлөрдүн биринин алдындагы балдар аянтчасы, 3-декабрь, 2011
Депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, курулуш иштери өз баасынан алда канча ашыра жазылган.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын төрагасы Назарали Арипов көп кабаттуу үйлөрдү куруудагы каржылык мыйзам бузууларга токтолду.

- 31 объект курулган болсо ошонун 20сына кошумча келишим менен дагы кошумча акча берилген. Мына, бир эле мисал: ”Ансар Трэйдге” башында 117 миллионго жакын акча берилген болсо, кошумча дагы 120 миллион кошуп берген. Натыйжада баасы 5 миллионго көтөрүлгөн. Азыр эми УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы иш козгоп, текшерип жатат. Кошумча каражат берилген 20 фирманы карай турган болсок 95 миллион сомдон ашык акча берилип жатат. Келишим түзгөндө ошонун баарын көзөмөлдөш керек эле, жүз миңдеген акчалар коррупциялык схема менен кымырылып кеткен.

Мамлекеттик дирекциянын курулуш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Курманалы Азимов курулуш иштеринин баасы ашыкча көрсөтүлгөн деген дооматты четке кагууда:

- Биз иштеген 30 айдын 18 айында текшерүү жүрдү. Бардык орган текшерди. Майда-чүйдө акчаны чөнтөгүнө салып алган кемчиликтер жоюлду. Чаралар көрүлдү. Эми бизге азыр чоң сумма боюнча айып коюп жатат. Мисалы үйдүн 1 квдрат метри 300 доллардан ашпаш керек экен. Эгер ошондой үй болгондо баары эле сатып алмак. Азыр Бишкекте миң доллардан ашты. Ошто болсо ичи бүткөрүлбөгөн үйлөрдүн баасы 450-500 долларга чыкты. Биз курган үйлөр бардык шарты менен, орточо социалдык үй болуп саналат.

Маяна боюнча да маселе барбы?

Мамдирекциянын кызматкерлеринин айлыгы боюнча да талкуу көп.

“Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов парламентте Жантөрө Сатыбалдиевди дирекциянын кызматкерлеринин айлыгы, сыйлыгы деп олчойгон акча алган деп айыптады:

- Жантөрө Жолдошевич, ошол кыйын мезгилде сыйлык, сый-тамак, айлык акы болуп 4 миллион 270 миң акча кетип жатат. Бирөөлөр баласын, бирөөлөр атасын жоготуп жатса, өзүңүз баш болуп сыйлык алып жатасыз. Ушул уят эмеспи. “Быссмылда”, деп иш башталгандан тарта ал жерде сыйлык бериле баштаган.

Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин чоң маянасын ошол кездеги кырдаал менен түшүндүрдү:

- Сыйлык деген эми мамлекеттик ишканадагы кадимки эле жол-жобо. Ал эми сый тамак дегенге кошулбайм. Айлыгын болсо биз макулдашканбыз. Убактылуу өкмөткө ошол кезде булар кыйын шартта иштейт, айлыктарын жакшы кылып коюп бергиле деп шарт койдум. Мындай шартты бардык эле киши коймок. Сыйлык болсо ошол убактын шартына туура эле келген.

Оштогу жаңы үйлөрдүн бири, 3-декабрь, 2011.
Оштогу жаңы үйлөрдүн бири, 3-декабрь, 2011.
Жогорку Кеңеш 19-февралда Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунан кийин токтом кабыл алды. Анда дирекциянын биринчи жетекчиси, азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жетекчилердин иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Эсеп палатасына кайра текшерүүгө эки ай мөөнөт берилди. Башкы прокуратурага ири каржылык мыйзам бузууга жол берген дирекциянын жооптуу жетекчилирине жана дирекцияга байланыштуу козголгон кылмыш иштерди токтоткон прокурорлорго укуктук баа берүү тапшырылды.

Мамдирекция 2010-жылы 19-июнда түзүлгөн. Июнь коогасында жабыркаган Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү озуйпасын толугу менен аткарган деген жүйө менен 2013-жылдан тарта ишин токтоткон. Анын ишин иликтөө тууралуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин парламенттеги "Республика" фракциясы сунуштаган.
XS
SM
MD
LG