Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:20

Казакстан: банктар боюнча жалган кабар таркаткандар табылды


Казак бийликтеринин билдиришинче, өлкөдөгү ири банктар тууралуу тескери маалымат таркатты деп шектелгендер аныкталды. «Тенгенин девальвациясынан улам бир нече банк банкрот болот экен» деген кабар чөнтөк телефондор жана интернет аркылуу таркагандан кийин жүздөгөн аманатчылар банктарга агылышкан эле. Баш прокуратура элди дүрбөткөндөр кимдер экендигин тактаган жок, бирок иликтөө уланып жаткандыгын кошумчалады. Улуттук банк өткөн аптада теңге 19 пайызга арзандаарын жарыялагандан кийин өлкөдө баалар өсүп кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG