Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

Украина: 1500 курал тартылып алынганы кабарланууда


Украинанын коопсуздук кызматы бүгүн демонстранттар коопсуздук кызматтарынан бир жарым миңден ашык куралды тартып алгандыгын бышыктады. Коопсуздук кызматы тартипти калыбына келтирүү үчүн өлкө боюнча «антитеррористтик» операция баштап жаткандыгын кошумчалады. Мындан мурда бийликтер Киевге өлкөнүн чыгышынан кошумча аскер күчтөрү тартылып жаткандыгын кабарлаган эле.

Киевде кырдаал курч бойдон кала берүүдө. Бийликтердин маалыматына ылайык, баш калаада 18-февралдагы кагылыштарда 26 кишинин өмүрү кыйылды. Жүздөгөн адам жараат алды. Украинанын батышындагы бир нече шаарда демонстранттар өкмөттүк имараттарды жана полиция бекеттерин басып алышты.

Улуттар Уюму Украинадагы кан төгүүнү көз карандысыз жана чукул иликтөөгө чакырды. Европа Биримдиги Украинага санкция киргизүүнү эртең чукул караганы жатат.

Оппозиция кан төгүү үчүн президент Януковичти күнөөлөгөн. Орусия Украинадагы соңку окуяларды «төңкөрүш аракети» деп баалады.

XS
SM
MD
LG