Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Австрия президенти Иранга чакырылды


Президент Хейнц Фишердин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Фишер Тегеранга чакыруу алды. Эгерде чакыруу кабыл алынса, анда бул батыш өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен президент Хасан Роухани кызматка киришкенден берки Иранга жасаган биринчи сапар болуп калат.

Хасан Роухани шайлоо өнөктүгү учурунда тышкы байланыштарды жакшыртууну убада кылган. Жакында эле Иранда Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган жана Швециянын тышкы иштер министри Карл Билд болуп кетти.

Бул күндөрү Австриянын борбору Вена шаарында Ирандын ядролук программасы боюнча Иран жана алты ири мамлекеттин сүйлөшүүлөрү жүрүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG