Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

“Ата Мекен” Оштогу көпүрө маселесин карайт


Фракция 22-февралда Ош шаарындагы көпүрөнүн курулушу токтоп калышынын себебин аталган шаарда боло турган көчмө жыйынында карайт. Көпүрөнүн бүтпөй турушу шаарда жол тыгындарынын көбөйүшүнө, шаардыктарга ыңгайсыздыктардын пайда болушуна алып келүүдө. 23-февралда атамекенчилер Баткен облусунда болушуп, чек арачылар жана жергиликтүү калк менен жолугушат.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов былтыр күзүндө шаардын борбордук бөлүгүндө чоң көпүрөнүн курулушун баштаган эле. Бул үчүн Навои көчөсү жабылып, шаар калкына ыңгайсыздыктарды алып келген. Шаардык кеңеш кийинчерээк көпүрөнүн курулушу мыйзамсыз башталганын айтып чыккан. Ош шаардык прокуратурасы ушул айдын башында шаардын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов баштаган көпүрөнүн курулушу боюнча эки кылмыш ишин козгогон. (AiT)

XS
SM
MD
LG