Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

ЖК мамдирекциянын ишин тереңирээк текшерүүнү чечти


19-февралда Жогорку Кеңеш Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын иши тууралуу токтом кабыл алды. Анда дирекциянын ишин үч айдын ичинде текшерип чыгуу Эсеп палатасына, укуктук баа берүү Башкы прокуратурага жүктөлдү.

Дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын мүчөсү Нарынбек Молдобаевдин билдирүүсүнө караганда, сөз 11 млрд. сомдон ашык каражат жөнүндө болуп жатат. Парламентте Ошто курулган объекттердин баасын ашыруу, сапатсыздык жана башка коррупциялык көрүнүштөргө дирекция тарабынан жол берилгендиги айтылды.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекцияны 2010-жылы азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG