Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Пара алып жаткан адвокат кармалды


Бишкекте “Чүй облусунун адвокаттар жамааты” коомдук бирикмесинин кызматкери паракорлукта айыпталып, сурак берүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, адвокат 14-февраль күнү бир жарандан 15 миң сом алып жаткан учурда атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан колго түшкөн. Ал кылмыш ишин жаап коюу үчүн сотко жана прокурорго ортомчу болуу максатында пара алып жатканы аныкталды.

Башкы прокуратура адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин 313\2 беренеси – “ортомчулук жана паракорлук” боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган жаран Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Иликтөө уланууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG