Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Кыргыз-орус сүйлөшүүсүндө төрт документке кол коюлду


Президент Алмазбек Атамбаев 19-февралда Орусиянын федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов баш болгон делегацияны кабыл алып, тараптар энергетика тармагына жана “Манас” аэропортуна байланыштуу 4 документке кол коюшту.

Алар: “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу жана ишке киргизүү долбоору жана жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу, ишке киргизүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн протоколдору, кыргыз өкмөтү менен "Роснефть МК" ишканасы ортосундагы Эл аралык "Манас" аэропортуна инвестицияларды ишке ашыруу меморандуму, "Роснефть МК" менен "Манас" аэропорту ортосундагы ИНТЭК ишканасын авиамунай менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча макулдашуу.
Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Бельяниновдон сырткары, "Роснефттин" президенти Игорь Сечин, "РусГидро" ишканасынын төрагасы Евгений Дод жана ИНТЕР РАО ишканасынын башчысы Борис Ковальчук катышты.

XS
SM
MD
LG