Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Аба ырайы


Ушул күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү болушу мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга этият болууну жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

21-февралда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,
Баткенде түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында -3...+2, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -4...-9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -7...-12 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 2…4 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG