Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Рысалиев: Чуулуу тасмага тиешем жок


Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиев Абдулла Юсуповго байланыштуу интернетте тараган жаңы тасмага тиешеси жок экенин “Азаттыкка” билдирди. Ошондой эле ал Текебаев менен Жусупбековдун тергөө абагына барып, Юсуповго жолукканын “мыйзамсыз кадам” деп атады.

19-февралда чыккан тасманын артында Рысалиев турганын буга чейин “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирген.

Видеодо Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков Абдулла Юсупов менен жолугуп, аны боштондукка чыгаруу үчүн Текебаев менен макулдашып жатканы көрсөтүлгөн. Бирок Жусупбеков бул видеонун монтаждалганын айтууда.

Кызуу талкууга түшкөн тасмада Текебаев менен Юсуповдун да жолугушуусу бар. Анда депутат Юсуповдун абактагы турган жерин көрүү максатында келгени жана аны менен кыска сүйлөшкөнү жазылган.

Тасмага абактын жетекчисинин мурдагы орун басары Улан Абдыкеримов менен Абдулла Юсуповдун жолугушуусу да камтылган. Экөөнүн диалогунда Юсупов андан нан жана тамеки үчүн 2000 сом сураган. (SE\KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG