Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Киевде жалпысынан отуз беш киши өлгөнү тастыкталды


Киевдин борбордук аянтында демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышууларда жалпысынан 35 адамдын өлгөнү расмий түрдө тастыкталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги жети адамдын өлүмүн такстыктады, анын экөөсү - полиция кызматкерлери. 18-февралдагы кагылыштарда болсо кеминде 28 адам өлгөн, жүздөгөн адамдар жараат алды.

Бейшембиде Киевде полиция менен демонстранттардын кагылышы кайра жанданды. Протестчилер полицияга "Молотов коктейлдерин" ыргытса, полиция кызматкерлери көздөн жаш агызчу газ чачып, желим окторду колдонууда. Кагылышуулар оппозиция менен президент Янукович “жарашуу” жөнүндө жарыялаган соң, бир нече сааттардан кийин башталды.

Европалык министрлер Янукович менен Киевдеги президенттик сарайда эмес, башка жакта жолугуп жатканы кабарланууда. Буга чейин европалык үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери Киевден чыгып кеткени айтылган эле. Бүгүн Киевде кризисти жөндөө максатында Германиянын, Франциянын жана Польшанын тышкы иштер министрлери украин бийликтери менен сүйлөшмөк. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский бейшембиде жанданган кагылышуулар жолугушууга жолтоо болуп жатканын кабарлады.

Брюсселде Украинага каршы санкцияларды жарыялоо боюнча Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери жолугаары күтүлүүдө. (AiK).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG