Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Сирия-Түркия чек арасында жардыруу болду


20-февралда Сириянын Түркия менен чектешкен жеринде унаа жарылып, ондогон адамдар жараат алганы кабарланууда. Такталбаган маалыматтар боюнча сириялык качкындар жайгашкан лагердеги жардыруудан 20дан ашуун адам өлгөн. Рейтер маалымат агенттиги билдиргендей, жабырлангандар медициналык жардам алуу максатында Түркиянын Килис шаарына жеткирилүүдө. Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Сириядагы жарандык согуштан улам миңдеген адамдар Алеппо шаарынан Түркияны көздөй качышкан. (AiK)

XS
SM
MD
LG