Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Вашингтондо CASA-1000 долбоорун тездетүү макулдашылды


Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жайы министри Осмонбек Артыкбаев бейшемби күнү Вашингтондон “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, АКШ борборундагы жолугушууга Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан министрлери катышып, келишимге кол коюшту. Долбоордун Кыргызстандагы бөлүгүн аткаруу үчүн 230 млн. доллар керек. Долбоордун ишке кириши менен Кыргызстан электр энергиясын кымбат баада экспорттоого жаңы жол ачылат жана ал 15 жылда өзүн актайт. Кыргызстан жана Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого жол ача турган CASA-1000 долбоорунун биринчи бөлүгү 2018-жылы ишке кирери күтүлүүдө. Бул долбоор Кыргызстанда жаңы ГЭСтерди курууга түрткү берет, деп белгиледи Артыкбаев. (AiT)

XS
SM
MD
LG