Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Европа министрлери Киевде сүйлөшүүлөрдү улантууда


Алар Украинаны кризистен чыгаруунун жолун жеңилдетүүгө аракеттенүүдө. Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус сүйлөшүүлөр тууралуу буларды билдирди:

- Биз президент Янукович менен беш саат бою сүйлөштүк. Оппозиция лидерлери менен да бир нече саат болдук. Башаламандыкты токтотуунун ар кандай жолдорун издедик, анын ичинде жаңы өкмөт түзүү, жаңы шайлоо жарыялоо каралды. Европа санкция киргизүү чечимин кабыл алды, биз түнү президент менен кайрадан жолугушууга барабыз.

Брюсселде Европа министрлери Украинада кан төгүүгө тиешеси бар расмий адамдарга санкция киргизилгенин жарыялады. Бейшемби күнү Киевде кагылышуулар күчөп, шейшемби күндөн бери 75 киши өлгөнүн кабарланды. Ички иштер министрлиги ок атуучу куралдарды мыйзам чегинде колдонууга уруксат берилгенин билдирди. Бирок украин парламенти ага тыюу салган токтом кабыл алды. Бул арада Киев шаарынын мэри Януковичтин партиясынан чыкканын жарыялады.(AiT)

XS
SM
MD
LG