Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Өрттөн жабыркаган соттолуучуну Бишкекке алып келишти


Жумгал районунда сот залында өрттөн жабыркаган соттолуучу, милиция кызматкери Жоомарт Сыдыков Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланууда. Дагы бир соттолуучу Рустам Токтогулов сот залынан качып чыккан бойдон дайынсыз. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

20-февраль күнү Кара-Кече көмүр кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмү үчүн айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине Жумгал райондук сот залында жабырлануучу тарап бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган.
Соттолуучулардын бири Жоомарт Сыдыковдун абалы оор. Дагы бир соттолуучу Чыңгыз Баялиевдин абалы туруктуу. Дайынсыз кеткен соттолуучуну издөө иштери уланууда.

Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде өткөн жылдын декабрында ур-токмоктон каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп Жумгал райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген 3 милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG