Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:56

Сочи: Норвегия биринчиликти бере элек


Сочи олимпиадасында Норвегиянын спортчулары 10 алтын медал алып алдыда. Экинчи тепкичти 8ден алтын медал алган АКШ жана Германия ээлеп турат. Үчүнчү орунда Орусия менен Канада - эки өлкө спортчулары 7ден алтын медал топтоду. Бул тууралуу олимпиаданын расмий сайты кабарлады.

Жалпы медалдардын саны боюнча АКШ спортчулары биринчи орунда. Алар баары болуп 25 медал алды. Анын алтоо күмүш, он бири коло.

Мыкты натыйжа көрсөтүп жаткан алдынкы 10 мамлекеттин катарында Нидерланд, Швейцария, Беларус, Польша жана Франция бар.

Сочи шаарында 7-февралда башталган Кышкы олимпиада оюндары 23-февралда жыйынтыкталат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG