Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Оштогу көпүрөнүн долбоору өзгөрөт


Ош шаарынын Навои көчөсүндө курулушу башталган көпүрөнүн долбоору өзгөрөт. Бул тууралуу калаа башчы Айтмамат Кадырбаев курулуш иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Мэрдин айтымында, учурда адистер көпүрөнүн долбоорун жана буга чейинки жасалган иштерди изилдеп жатат. Эгер долбоор өзгөртүлсө, курулуш ишин аткаруу үчүн кайрадан тендер өткөрүлүшү мүмкүн.

Көпүрө эстакаданы салуунун алгачкы жумуштары өткөн жылдын сентябрында башталган. Анын жалпы сметасы 539 миллион сомго бааланган.

Курулуш иши азыр токтоп турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG