Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:25

Унаа токтотуучуларга эскертүү берилди


22-февралдан тарта Бишкектеги унаа коюучу жерде иштегендер жумушун токтотот. Мындай эскертүүнү шаар башчысы Кубанычбек Кулматов бүгүн мэриянын коллегиясында билдирди. Анын айтымында, унаа токтотуучу жайлар тууралуу так мыйзам иштелип чыкмайынча, айдоочулар машинесин убактылуу токтоткон жер үчүн акча төлөбөйт.

Мэрдин буйругунун аткарылышын шаардык милиция кызматкерлери көзөмөлгө аларын мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин айдоочуларга акылуу кызмат көрсөтүү Муниципалдык базарлар жана автоунаа токтотуучу жайлар боюнча дирекциянын документтеринин негизинде жүргөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG