Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Украинада мунаса боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Украин президентинин маалымат кызматы түнү бою өткөн сүйлөшүүдө кандуу саясий кризис боюнча келишим жетишилди деген билдирүү таратты. Президенттик кеңседен таратылган билдирүүдө президент Виктор Янукович, оппозиция жана Европа Биримдигинин министрлери катышкан түнкү сүйлөшүү эми түштө кайра жанданаары кошумчаланды. Бирок Европа Биримдиги бул келишим боюнча сүйлөшүү түштө кайра уланаарын эскертүүдө.

Сүйлөшүүгө катышкан Франциянын тышкы иштер министри Лорен Фабиус «келишим жетишилди» деп айтканга шашылбоого кеңеш берди. Сүйлөшүүгө Орусиядан Владимир Лукин арачы болуп катышууда. Украинанын саламаттыкты сактоо министрлиги шейшембиден берки кагылыштарда 77 киши курман болгонун бышыктады. Бүгүн Украин армиясынын штаб башчысынын орун басары генерал-лейтенант Юрий Думанский отставкага кетип жаткандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG