Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:35

Сочиде асманды булут каптады


Ушул апта соңунда Олимпиа оюндары жыйынтыкталып жаткан Сочиде жаан төгүп жатат. Ал эми шаардын сыртындагы аялдардын слалому, кросс лыжа, биатлон релей жарыштары пландалган тоолордо кар жаап жатат. Бүгүн бардыгы болуп жети алтын медал ойнотулат. Анын ичинде эркектердин көрлинг мелдешинде Канада Британия менен беттешет. Эркектердин хоккейинде АКШ Канада менен, Швеция Финляндия менен ат салышат. Медалдардын саны боюнча Норвегия 21 медал менен биринчи орунда келатат. Норвегия алтын боюнча 10 медал менен эң алдыда, АКШ менен Германиянын сегизден алтыны бар. Аларга куйрук улай жети алтын алган Орусия менен Канада турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG