Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Киевде атышуунун добушу угулууда


Киевдин демонстранттар коопсуздук күчтөрү менен тирешип турган Көз карандысыздык аянтынын жанында ок атуунун добушу угулууда. Ички иштер министрлиги демонстранттар ок ачканда, коопсуздук күчтөрү аларды парламент тарапка өткөрбөй, ок менен жооп кайтарды деп айтылган билдирүү таркатты. Билдирүүдө жапа тарткандар тууралуу сөз жок. Демонстранттар тараптан билдирүү боло элек.

Ал арада ички иштер министринин кызматын аткарып жаткан Виталий Захарченко бүгүн соңку күндөрү 80 киши набыт болгонун маалымдады. Бирок активисттер кечээ бейшембиде эле 100дөн ашык киши окко учканын билдирүүдө. Бейшемби - Украина өз алдынчалык алгандан берки эң кандуу күн болуп калды.

XS
SM
MD
LG