Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Украина: чукул шайлоо келишимине кол коюлушу мүмкүн


Батышта кабар агенттиктери Биримдик Украина менен «убактылуу» макулдашууга бүгүн кол коерун жазышууда. Германиянын ДПА агенттигинин маалымдашынча, келишимде 10 күндүн ичинде өткөөл өкмөт түзүү каралган. Кабарларга караганда, убактылуу келишимде айрым конституциялык реформалар жана чукул президенттик, парламенттик шайлоолор да каралган.

Мунун алдында украин президентинин маалымат кызматы түнү бою өткөн сүйлөшүүдө кандуу саясий кризис боюнча келишим жетишилди деген билдирүү таркаткан эле. Президент Виктор Янукович, оппозиция, Европа биримдигинин министрлери, Орусиядан Владимир Лукин арачы болуп катышкан түнкү сүйлөшүү бүгүн түштө кайра жанданаары айтылууда.

Ички иштер министринин кызматын аткарып жаткан Виталий Захарченко бүгүн соңку күндөрү 80 киши набыт болгонун маалымдады. Бирок өлгөндөрдүн саны 100дөн ашкан болушу мүмкүн деп божомолдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG