Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Бишкекте боорсок бышыруу сынагы болду


Бишкектеги окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөн сынакта Чыгыш университетинен келгендер жеңүүчү деп табылды.

Боорсок бышыруу сынагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулуп, ал бүгүн Туризм академиясында өттү. Ондон ашуун окуу жайдын студенттери катышкан иш-чара 21-февраль – эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулган.

Сынактын жүрүшүндө боорсоктун ондон ашуун түрү тартууланды. Студенттер боорсок бышырып гана тим болбой, анын тарых-таржымалын да айтып беришти.

Мелдешке Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов баш болгон адистер калыстык кылды. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG