Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Янукович: президенттик чукул шайлоо болот


Украинада Янукович президенттик чукул шайлоо болоорун жарыялады.
Президент ошондой эле өлкө 2004-жылдагы мамлекет башчынын укуктары чектелген эски Конституцияга кайтаарын бышыктады. Януковичтин сөзү боюнча улуттук биримдик өкмөтүн куроого киришүүдө. Бул жарыя Киевде Европа Биримдигинин жана Орусиянын арачылары катышкан эки тараптуу сүйлөшүү өтүп жатканда жасалды.

Украинада үстүбүздөгү жумада абал кескин курчуп, Киевдеги кагылыштарда 80ге чукул киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG