Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Янукович: кризисти токтотуу келишими жетишилди


Интернеттеги сайтында президент Янукович эми президенттик чукул шайлоо болоорун жазды. Ал шайлоонун качан өтөөрүн билдирген жок. Беш жылдык мөөнөтү келерки жылы аяктап жаткан Янукович ошондой эле өлкө 2004-жылдагы мамлекет башчынын укуктары чектелген мурунку Конституцияга кайтаарын бышыктады. Януковичтин сөзү боюнча улуттук биримдик өкмөтүн куроого киришүүдө.

Оппозиция башчыларынан жооп боло элек, алар өздөрүнчө сүйлөшүп жаткандыгы айтылууда. Президенттин жарыясы Киевде Европа Биримдигинин үч тышкы иштер министри, оппозиция жана Орусиянын арачысы түнү менен сүйлөшүп чыккандан кийин жасалды. Украинада үстүбүздөгү жумада абал кескин курчуп, Киевдеги кагылыштарда аз дегенде 77 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG