Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Украина: Оппозиция Янукович менен келишимге кол койду


Германиядагы Билд басылмасынын интернет сайты жазгандай, Украинадагы оппозиция лидерлеринин бири Виталий Кличко оппозиция президент Янукович менен келишимге кол койгонун, бирок демонстранттар менен кошумча сүйлөшүү зарыл экендигин билдирди.

Киевдеги демонстрациялар өтүп жаткан борбордук аянттагы барриккадалардын биринде турган Васил деген тургун Януковичтин кетишин талап кылды:

– Биз Янукович менен сүйлөшпөшүбүз керек. Ал өз иммунитетин сактап калганы жатат. Азыр эми бул ишке Европаны, европалык лидерлерди аралаштырууда. Бирок эл бир гана нерсени, анын кетишин каалайт. Ал иш жүзүндө Украинага каршы согуш жарыялады.

Германия менен Польшанын тышкы иштер министрлери украиналык демонстранттардын кеңеши президенттин сунуштарына макул болгондугун бышыкташты.

Президент Янукович бүгүн кандуу кризисти токтотуу келишими жетишилгенин жарыялады. Анын сөзү боюнча президенттик чукул шайлоо болот, өлкө 2004-жылдагы мамлекет башчынын укуктары чектелген эски Конституцияга кайтып, 10 күн ичинде убактылуу өкмөт түзүлөт.

Киевдеги кагылыштарда ушул жумада аз дегенде 80 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG