Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Москвада Болотная боюнча сегиз кишиге айып тагылды


Москвада сот бүгүн «Болотная» деп аталган иш боюнча сегиз кишини тополоңго катышып, полицияга кол салган деп тапты. Сот Наталья Никишина өкүмүн дүйшөмбү күнү толугу менен жарыялай турган болду. Прокурорлор айыпталуучуларды 5-6 жылга абакка кесүүнү сурап жатат.

Эл аралык мунапыс уюму соттун бүгүнкү чечимин «барып турган акыйкатсыздык» деп баалап, айыпталуучуларды дароо бошотууну талап кылды. Сегиз киши 2012-жылдын майында Москвадагы Болотная аянтында өткөн президент Путинге каршы демонстрацияда камакка алынган эле. Кремлдин сынчылары демонстрацияда полиция атайын чыр чыгарган деп айтып келишет. Бүгүн дагы полиция соттун алдына чогулган 200дөй кишинин айрымдарын кармап кетти.

XS
SM
MD
LG