Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

Киев: Януковичтин Харьковго кеткени айтылууда


Киевдеги нааразылар саясий мунасага каршы. Вашингтондун маалымдашынча, Украина президенти Виктор Янукович өлкө чыгышындагы Харьков шаарына жыйынга кеткен. Жергиликтүү масс-медианын кабарлашынча, Янукович бүгүн башкаруучу Региондор партиясына ыктаган. Жалпы украиналык коомдук уюмдардын Украина фронтунун жыйынына катышууну мерчемдөөдө. Киевдеги антиөкмөтчүл нааразылар Янукович президенттиктен кетмейинче күрөштү токтотпойбуз деп жар салууда. Оң сектордун лидери Дмитрий Ярош 21-февралда Төбөлсүздүк майданында: "Оң сектор биздин "Янукович отставкага кетсин!" деген негизги талабыбыз аткарылмайынча, коомдук бир да имаратты камоого алууну токтотпойт”, - деп эскертти.

Жума күнү президент Янукович жана оппозиция лидерлери кол койгон келишимге ылайык, курама өкмөт түзүлүп, декабрдан кечиктирилбей президенттик шайлоо өткөрүлмөк.

Украина парламенти 21-февралда абактагы оппозиция лидери Юлия Тимошенкону актоого жол ачкан мыйзамды бекитти, 2004-жылкы Конституция кайра кайтарылсын, камоодогу нааразыларга мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзам аткарылсын жана ички иштер министри кызматтан кетсин деп добуш беришти. Бул чечимдер тез аткарылышын 21-февралда АКШ жана Орусия президенттери телефон баарлашуусунда колдошту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG