Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Чоң жыйырманын банкирлери жана финансы министрлери масилет курууда


Австралия тез өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн экономикасынын калдактап кетүүсүнө жол бербес үчүн Борбордук банктарды кылдат саясат жүргүзүүгө чакырды.

Бүгүн (22-февраль) Сиднейде Экономикасы өнүккөн чоң жыйырманын (G20) Борбордук банктарынын башчыларын жана финансы министрлеринин эки күндүк жыйыны ачылды. Австралиянын финансы министри Жо Хоки жыйындын ачылышында сүйлөп, "форум 2008-жылкы финансылык кризистен соңку экономиканы стимулдаштырууга жана жумуш орундарын түзүүгө астейдил көңүл буруусу керек",- деди. Хокинин айтымында, финансы рыногу капсалаңга түшпөс үчүн борбордук банктар өз саясатындагы өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирин жакшы маалымдап турушу абзел.

АКШ Борбордук банкынын экономиканы колдоо программасын бошоңдотуусу өнүгүп бараткан өлкөлөргө тескери таасир эткен. АКШнын Борбордук банкынын жаңы дайындалган төрайымы Жанет Йллен Сиднейдегидей эл аралык жыйынга биринчи жолу катышууда.

XS
SM
MD
LG