Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Украин парламенти Януковичти президенттиктен кетирди


Жогорку Раданын мүчөлөрү Виктор Янукович президенттиктен кетсин деп добуш беришти жана президенттик шайлоо 25-майда болсун деп чечти.

Ал эми президент Виктор Янукович болсо Украинада болуп жаткан окуяларды “төңкөрүш” деп мүнөздөдү жана бийликтен кетпесин билдирди. Ал 22-февралда Харьков телеберүүсүнө берген интервьюда “мен эл шайлаган президентмин” деп, парламенттин соңку бардык чечимдерин мыйзамсыз деп сыпаттады. Янукович антиөкмөтчү нааразылардын президенттин Киевдеги кеңсесин басып алуусуна токтолуп, анын тарапкерлери нааразылар тарабынан куугунтукталып жатканын айтты: "Аларды (расмий адамдарды, анын жактоочуларын) үйлөрүндө, иштеген жерлеринде жана жолдордо кысымга алып жатышат. Мен жанымдагы адамдардын каны төгүлбөшү үчүн колумдан келгендин баарын жасап жатам.

22-февралда Украина парламенти басымдуу көпчүлүк добуш менен мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко абактан чыгарылсын деп чечкен. Мындай резолюция үчүн парламенттин мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү - 322 депутат добуш берди. Тимошенко премьер-министр кезде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2011-жылы 11-октябрда жети жылга соттолгон.

Жогорку Раданын депуттары ошондой эле Тимошенко башындагы «Батькивщина» партиясынын мүчөлөрү: Александр Турчиновду Жогорку Радага төрага, Арсен Аваковду Ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып бекитти.

Парламенттин төрагасы Владимир Рыбак өз ыктыяры менен ден соолугуна шылтап, отставкага кетти. Депутаттар Башкы прокурор Виктор Пшонкага ишеним көрсөтүлбөсүн деп добуш беришти.

Харьковдо Янукович башындагы Региондор партиясынын жетекчилеринин жыйыны болууда. Президенттин өкүлү жыйынга Виктор Янукович катышып жатканын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG