Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Иракта дагы 10 адамдын каны төгүлдү


22-февралда Ирактын ар кайсы бөлүктөрүндө болгон чабуулдардан бери дегенде 10 киши өлдү. Ондогон адамдар жарадар болду. Бул тууралуу Ирак полициясы жана саламаттыкты сактоо мекемелери маалымдады.

Багдаддын түндүгүндөгү Тикрит шаарында жанкечтилердин удаа-удаа чабуулунан 5 адамдын өмүрү кыйылды. Батыштагы Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарында автомобилге коюлган бомбадан 5 аскер жайран болду. “Азаттык” радиосунун кабарчысынын билдиришинче, Рамадиде өкмөттүк күчтөр менен антиөкмөтчүл козголоңчулардын катуу салгылашуусу жүрүүдө.

Ирактын коргонуу министри январдан бери көтөрүлүшчүлөрдүн колундагы Фаллужа шаарындагы аскердик операция 72 саатка токтотулганын жарыя кылды. Иракта акыркы айларда күн сайын чабуулдар болууда. БУУнун эсебине караганда, былтыр өлкөдө 8868 адам куралдуу коогалаңда өлгөн. Бул соңку беш жылдагы эң чоң көрсөткүч.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG