Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Тимошенко Киевге келди, Януковичтен дайын жок


Украина парламенти - Жогорку Рада 22-февралда Виктор Януковичти президенттиктен кетирди жана 25-майда жалпы элдик шайлоо болот деп чечти. Парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланган Александр Турчинов “Украина эли, биздин өлкө өз милдетин аткарбай, кайда жүргөнү бейдарек президенттин маанайына көз каранды боло албайт" деп депутаттардын чечимин түшүндүрдү .

Александр Турчинов экс-премьер Юлия Тимошенко башындагы «Батькивщина» партиясынын мүчөсү. Парламенттин мурдагы төрагасы Владимир Рыбак 22-февралда ден соолугуна шылтап, отставкага кетти.

«Батькивщина» партиясынын башка бир мүчөсү Арсен Аваковду Жогорку Рада ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып бекитти. Виктор Янукович Украинада болуп жаткан окуяларды “төңкөрүш” деп мүнөздөдү жана бийликтен кетпесин Харьковдо жергиликтүү телеканалга берген интервьюда айтты.

Жогорку Раданын резолюциясы менен Харьковдогу абактан чыккан Юлия Тимошенко Киевге келип, Грушевск көчөсүндө нааразылардын каны төгүлгөн жайга барып, маркумдарды эскерди. Төбөлсүздүк майданына келип, нааразыларга кайрылды. Ал “Украинанын баатырларын эл эч качан унутпасын” айтып, антиөкмөтчүл демонстранттарды күрөштү токтотпоого үндөдү. Тимошенко абактан чыгаар замат президенттик шайлоого катышарын айткан.

Тимошенко премьер-министр кезде кызматын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2011-жылы 11-октябрда жети жылга соттолгон.

Парламенттин депутаттары Башкы прокурор Виктор Пшонкага ишеним көрсөтүлбөсүн деп добуш беришти. Башкы прокурорлукка жана Коргоо министрлигине Жогорку Рада «Батькивщина» партиясынын мүчөлөрүн бекиткени маалымдалды.

Харьковдо региондук бийликтердин делегациясы парламенттин бийлигин чанган билдирүү кабыл алды.

Кошмо Штаттар Юлия Тимошенконун абактан чыгуусун колдоду жана Украинадагы болуп жаткан окуялар “коогалаңды басууга, конституциялык өзгөрүүлөргө, коалициялык өкмөттү түзүүгө жана кезексиз шайлоону өткөрүүгө жардам бериши ыктымал” деп билдирди.

Киевде антиөкмөтчүл нааразылар менен менен полиция ортосунда 18-февралдан кийин болгон кагылышууларда набыт болгондордун саны 82ге жетти. Ошондой эле Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жардам сурап кайрылган 620дан ашык адамдын 405и ооруканага жаткырылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG