Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Өлкө жетекчилери Мекенди коргоочулар күнү менен куттукташты


Бүгүн - Мекенди коргоочулар күнү. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков куттуктоо жолдошту. Президент “Мекенди коргоо күнү – чыныгы атуулдардын сыймыктуу майрамы” экенин айтты. Мамлекет башчы күчтүү, эркин жана гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды куруу үчүн күчтүү армия түзүлүп, чек аралар бекемделиши керектигин белгилеген. “Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоо башталды. Заманбап, кесипкөй, жакшы куралданган, өлкөбүздү коргогонго жөндөмдүү армия түзүлөт. Армияны башкаруунун системасы да түп тамырынан өзгөртүлөт», - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Президент Алмазбек Атамбаев бул майрымдын урматына, кечээ 22-февралда Ата Мекенди коргоодо, кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн 26 адамга ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган.
23-февраль Мекенди коргоочулар күнү катары Кыргызстанда 2003-жылдан бери белгиленип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG