Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Украинада милициянын аракети иликтене баштады


Украинада Ички иштер министрлигинин жана министрликтин облустук башкармалыктарынын айрым кызматкерлеринин өлкөлдөгү соңку окуяларда жасаган аракеттери иликтене баштады. Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков билдирди. Анын айтымында, “Правый сектор” кыймылы, “Майданды коргоочулардын” өкүлдөрү жана эл тарапка өткөн ИИМ кызматкерлери менен жыйын өтүп, акыркы үч күндө кармалгандардын бардыгын бошотуу чечими чыкты. Мындан сырткары жыйында Киевде тартипти коргоо, шаардагы негизги объекттерди кайтаруу боюнча сөз болду.

Кечээ, 22-февралда «Батькивщина» партиясынын бир мүчөсү Арсен Аваковду Жогорку Рада ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып бекиткен.

XS
SM
MD
LG