Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Польшада украиндерге тилектештер акция өткөрдү


Варшавадагы Украинанын элчилигинин алдына гүлдөр коюлуп, шаардын жүздөгөн тургундары чогулушту. Алардын алдына Польшанын Европарламенттеги депутаты Павел Коваль чыгып, “Биз бир тууган украиндер эркиндиктин демин толук сезмейинче алар менен бирге экенибизди көрсөткүбүз келет”, – деп сүйлөдү.
Польшанын ооруканаларында дарыланып жаткан украиналыктарды президенттин жубайы Анна Коморовская барып көрдү.

Варшавада Украинанын жарандарына көмөктөшүү пункттары ачылып, жардамга муктаждар үчүн атайын телефон байланыш ишке кирди.

Ишембиде Жогорку Раданын депутаттары Виктор Януковичти президенттиктен кетирүүгө добуш берип, президенттик шайлоону 25-майда өткөрүүгө чечим кабыл алган. Киевде антиөкмөтчүл демонстранттар менен полиция ортосунда 18-февралда башталган кагылышууларда набыт болгондордун саны 82ге жетти. Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жардамга кайрылган 620дан ашык адамдын 405и ооруканага жаткырылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG