Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

"Тажик Эйр" Бишкекке каттамын жандандырат


"Тажик Эйрдин" Боинг-737 учагы, Дүйшөмбү шаары.

"Тажик Эйрдин" Боинг-737 учагы, Дүйшөмбү шаары.

"Тажик Эйр" улуттук авиаишканасы 29-январдан бери токтоп турган Дүйшөмбү – Бишкек каттамын кайра ишке киргизет. Бул тууралуу компанияга шилтеме жасап, Борбор Азия жарандык авиация маалымат порталы кабарлады. Эки борбор шаарды бириктирген каттам тажик жарандарын "Манас" эл аралык аба майданында себепсиз узак текшерүүлөргө байланыштуу токтотулганын портал маалымдады.

Эки өлкө ортосундагы чек ара жаңжалы кыргызстандык "Авиа Траффик" авиаишканасынын апталык Бишкек – Дүйшөмбү каттамына терс таасирин тийгизген жок. Ал эми тажикстандык "Ист Эйрдин" күнүмдүк Куляб – Бишкек жана Коргон-Төбө – Бишкек транзиттик каттамдары үзгүлтүккө учураган жок.

Бишкектин "Дордой" дүң базарынан Дүйшөмбү шаарына товар ташыган тажик ишкерлери каттамдардын аздыгы алардын ишине залакасын тийгизгенин айтышууда. Тажикстандын статистика агенттиги январь айында эки өлкөнүн товар алмашуу көлөмү 89% азайганын кабарлады.

"Тажик Эйрдин" 26 күндүк тыныгуудан кийинки Бишкекке алгачкы каттамы 25-февралда аткарылат. Аталган компания шаршемби күндөрү Бишкекке учат. Чек ара маселеси толугу менен чечилсе, кыргыз авиаишканалары Бишкек – Хожент рейсин ачуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантарын кабарлашты. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG