Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

Үч астероид Жердин жанынан өттү


Жер жана 1995CR, 2014 BR57, 2014CR астероиддери.

Жер жана 1995CR, 2014 BR57, 2014CR астероиддери.

Акыркы беш күн ичинде планетабызга жакын төрт астероид учуп өттү. Бул тууралуу Италияда жайгашкан Беллатрикс жылдызканасы кабарлады. Алардын акыркысы 24-февралда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6:21де туурасы 130 метрлик 2014CR астероиди Жерден 3.1 миллион чакырым аралыкта учуп өттү.

Эки күн мурда 22-февралда 1995CR Бишкек убактысы боюнча таңкы саат үчтө планетабыздан өтө жакын аралык болуп эсептелген үч миллион чакырым алыстыкта учуп өткөн. Туурасы 210 метр астероид 1995-жылы табылган. Ал
эми 20-февралда болсо Бишкек убактысы боюнча саат 22:58де 70 метрлик 2014 BR57 астероиди миллион чакырым жакын аралыкта учуп өткөн. Бул аралыктар өтө жакын болуп эсептелет.

Беллатрикс обсерваториясы аталган астероиддердин учуусун түз ободо ааламдордон көрсөтүп турду. Өткөн апта башында 17-февралда дагы үч футболдук стадиондой чоң астероид планетабыздан 3.4 миллион чакырым жакын учуп өткөн. Туурасы 270 метрлик 2000 ЕМ26 астероиди жүздөй телескопко илинген. Аталган астероид саатына 43452 чакырым ылдамдыкта Жерге умтулуп келе жатканын Слу космостон түз ободо да көрсөттү.

Былтыр 15-февралда астероид калдыктары Орусиянын Челябинск облусуна түшкөн. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG