Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

Парламент депутаттарынын Түштүк Кореяга иш сапары башталды


Бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков баш болгон айрым депутаттардын Түштүк Кореяга үч күндүк иш сапары башталат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз делегациясы Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын спикери Канг Чанг-хи жана премьер-министри Чон Хон Вон менен жолугушат. Андан сырткары экономика, өнөр жай жана бизнес чөйрөсүндөгү адистер менен да жолугушуулар күтүлүп жатат.

Делегациянын курамында эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгы боюнча достук тобунун жетекчиси Нарынбек Молдобаев, депутаттар Кенжебек Бокоев, Өмүрбек Бакиров, Акуналы Досалиев, Эристина Кочкарова, Роман Шин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов бар. (SE)

XS
SM
MD
LG