Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Сочиде кышкы Олимп оюндары жыйынтыкталды


23-февралда Олимп оюндарынын жабылыш аземине миңдеген адамдар күбө болду. Кышкы спорт мелдештеринде 13 алтын медаль менен Орусиянын спортчулары биринчи орунга татыды. Экинчи орунду 11 алтын медаль менен норвегиялыктер ээледи. Канадалыктар 10 алтын менен үчүнчү тепкичке көтөрүлдү.

Жалпы медалдардын саны боюнча да Орусия алдыга озуп чыкты. Алар топтогон 33 медалдын 11и күмүш, 9у коло. Экинчи орунда АКШ – 9 алтын, 7 күмүш, 12 коло медаль. Үчүнчү орунда норвегиялыктар - алардагы 26 медалдын бешөө күмүш, 10у коло.

Сочидеги кышкы Олимп оюндары 7-февралда башталган.

XS
SM
MD
LG