Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Жабыркагандардан качкан милиционер дагы эле дайынсыз


Нарындын Жумгал районунда сууга түшүп кетти деп жарыяланган райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери Рустам Токтогуловду издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Аны 22-февралдан бери издеп жатышат. Бирок азырынча натыйжа жок.

Былтыр Кара-Кече көмүр кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө үч милиционер айыпталууда. 20-февралда маркумдун жакындары Жумгал райондук сотунун залында аларга бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган. Милиционерлердин бири оор абалда ооруканага түшүп, дагы бири Жумгал суусуна түшүп кеткени айтылган. Окуя боюнча кылмыш иш козголуп, 10 адам камакка алынган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG