Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Конституциялык палатанын курамын кыскартуу сунушталууда


Юстиция министрлиги Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын курамын кыскартууну сунуштады. Бул тууралуу юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, “Жогорку Соттун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору тез арада кароо өтүнүчү менен парламентке жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңеш аны кабыл алса, Конституциялык палата 11 эмес, 9 судьядан турат. Муну менен Конституциялык палатага кошумча эки судьяны шайлоо зарылдыгы жоголот. Учурда палатанын тогуз судьясы гана шайланып иштеп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG