Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Пакистандагы талибдер башчысы өлтүрүлгөнү кабарланууда


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Пакистандагы бөлүмү маалымдагандай, жергиликтүү булактар Асматулла Шахин Бхиттани белгисиз бирөөлөр тарабынан Түндүк Вазиристанда өлтүрүлгөнүн кабарлоодо. Бхиттанинин айдоочусу жана жансакчысы да өлтүрүлгөнү маалымдалып жатат. Шахин Бхиттани Пакистан армиясы издөө салган 20 адамдын катарына кирчү жана анын башы үчүн 120 000 доллар сыйлык жарыяланган. Бхиттани Пакистандагы Техрик-е-Талибан кыймылын өткөн жылы анын башчысы Хакимулла Мехсуд өлтүрүлүп, ноябрда Мулла Фазулла дайындалганга чейин убактылуу жетектеген. Исламабаддын талибдер менен тынчтык сүйлөшүү аракеттеринде Бхиттани башкы ролдордун бирин ойноп турган.

XS
SM
MD
LG