Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Болотная иши боюнча нааразылар кармалууда


Москванын Замоскворецк райондук сотунун жанында полиция жүздөн ашуун адамды кармады. Алардын арасында оппозиция лидерлери Алексей Навальный жана Илья Яшин бар.

- Бийлик өкүмдөрдү Олимпиадага чейин угузгусу келген жок, мына ошондуктан бул жакшы нерседен кабар бербейт, - деди Навальный.

Кармалгандардын баары полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттигине Ички иштер министрлигинин Москвадагы башкармалыгы маалымдады. Сот имаратынын жанында миңден ашуун адам чогулуп, бүгүн угузулган өкүмдөргө нааразылыгын билдирүүдө.

Москванын Замоскворецк райондук соту бүгүн Болотная окуясы боюнча соттолгон сегиз адамдын өкүмүн угузган. Ал боюнча Александра Духанина шарттуу түрдө үч жыл үч айга, Андрей Барабанов үч жыл жети ай жалпы тартиптеги колонияга кесилди. Степан Зимин, Денис Луцкевич жана Алексей Полихович үч жарым жылдан алды. Артем Савелов эки жыл жети ай, Ярослав Белоусов эки жарым жыл алды. Эң ири жаза - төрт жыл Сергей Кривовго жарыяланды. Баарынын жаза мөөнөтү тергөө абагында отурган айларды эске алуу менен берилди. Өткөн жума күнү соттолуучулардын баары массалык башаламандыктар боюнча күнөөлүү деп табылган. 2012-жылдын 6-майында Москванын Болотная аянтында оппозициянын акциясы учурунда полиция менен кагылышуу болгон. (AiK)

XS
SM
MD
LG