Казакстанда “соттун чечимдерин аткарбаганы үчүн” деген айып менен “Правдивая газета” басылмасы жабылды. Гезиттин редакторлору окурмандарга жалган маалымат берди деп күнөөлөнүп жатат. Казак бийлигин сындап келген гезиттин редакторлору козголгон кылмыш ишти саясий себептер менен байланыштырып келген. Гезит тогуз ай мурун ачылган.
“Правдивая газета” басылмасынын өкүлдөрү бул жолу сот залында өкүм угузулганда жок болушту. "Журналисттер кырсыкта" уюмунун жетекчиси, гезиттин өкүлү Рамазан Есергепов апелляциялык арыз болорун маалымдады. (AiK)