Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Ташиев: Оппозиция төңкөрүшкө камданган жок


Кыргыз оппозициясы төңкөрүш же башаламандык уюштурууга камданбаганын “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев дүйшөмбүдө “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, оппозиция өкүлдөрү бийликке демократиялык жол менен, шайлоолор аркылуу келет.

Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы стабилдүүлүктү сактоо үчүн бийлик менен диалогго барууга даяр экенин да кошумчалады.

Өткөн жумада оппозициядагы бир катар саясатчылар, партиялар биригип, Бириккен улуттук оппозициялык кыймылын түзүшкөн. Ага депутат Равшан Жээнбеков лидерлик кылууда. Жаңы кыймыл бийликти узурпациялоого жана саясий куугунтукка каршы күрөшөрү кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG