Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Дарыгерлердин укугун коргоочулар жыйын курат


Саламаттыкты сактоо тармагындагылардын кесиптик бирлигинин мүчөлөрү бүгүн Бишкекте “Дарыгерге кол көтөрбө!” деген аталышта маалымат жыйын курушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар билдиришти. Кесиптик кошуун өкүлдөрү ак халатчандарга карата болуп жаткан өкүмзордукту токтотууга чакырышмакчы.

Жыйын Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевдин арасында 12-февралда болгон чырдан улам уюштурулуп жатат.

Мурашев тууганына жетиштүү деңгээлде жардам көрсөтпөдү деген кине менен Турганбаев экөө чатакташа кеткен. Дарыгердин айтымында, депутат аны сабап салган. Мурашев бул айыптоону четке кагып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG