Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

Кызыл-Жар ооруканасындагы абал жабык талкууланууда


Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде бүгүн 9-февралдагы Балыкчыдагы милиция кызматкерлерине кол салуу жана Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадагы абал талкууланып жатат. Окуя боюнча тергөө уланып жаткандыктан, жыйын жабык өтүүдө.

Буга чейин Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага байланыштуу эки кылмыш иш козголгон. Аталган ооруканада дарыланып жатат деп катталган эки адам оор кылмышка катышканы далилденген. Ички иштер министрлиги бул ооруканада тинтүү жүргүзгөндө айрым бейтаптар каршылык көрсөткөн. Тинтүү жыйынтыгында ооруканадан маңзат жана курал табылган. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган ооруканадагы күзөттү күчөтүүнү суранууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG