Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:46

Кара-Кечеде көмүр казуу толук кандуу жүрбөй жатат


Жумгалдагы Кара-Кече кенинде көмүр казып алуу толук кандуу жүрбөй жатат. Бул тууралуу Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, көмүр казып жаткан “Кара-Кече” жана “Шарбон” ишканалары кенде тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Мындан улам сыртка көмүр ташуу үзгүлтүккө учурап, казылган көмүр Бишкек жылуулук борборуна гана ташылууда. Исагулов мындай жагдайдын түзүлүшүн тазалоо иштери жай мезгилинде жүрбөй калгандыгы менен түшүндүрдү. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG